30.05.2019 14:47

Американын популярдуу сериал, мультфильмдери кыргыз тилине которулуп баштайт

Американын популярдуу сериал, мультфильмдери кыргыз тилине которулуп баштайт

Бишкекте «Central Asia Design Hub» жаңы аймактык долбоору жана медиа студиясы расмий түрдө ачылды. Бул туурасында иш-чаранын уюштуруучусу болгон IREX уюму билдирди.

Ачылыш салтанатына маданият министри Азамат Жаманкулов, АКШ элчиси Дональд Лу жана Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев катышты. Маданият министри бул долбоордун маанисине токтолду.

«Бүгүн биздин өлкө үчүн маанилүү окуя болуп жатат. Кыргызстан санарипке өтүү менен жаңы этапты баштап, бирок контент жана сапат жагынан белгилүү бир кыйынчылыктарга тушукту. Эми болсо, Central Asia Design Hub  жардамы менен дүйнөгө таанымал сериал, шоу жана мультфильмдерди сапаттуу кыргыз тилине которо алабыз», – деди ал.  

АКШ элчиси Дональд Лу Борбордук Азия өлкөлөрүнүн улуттук тилиндеги медиа контентти өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, америкалык теле продуктулардын дүйнө боюнча популярдуулугун айта кетти.  

«Мен Голливудда төрөлгөм жана менин туулган шаарымда тартылып жаткан тасмалар менен абдан сыймыктанам. Дүйнөгө белгилүү телесериалдарды, мультфильмдерди эми сапаттуу кыргыз, тажик, казак, өзбек тилдеринде же англис тилинде субтитр менен көрүүгө мүмкүн боло турганына абдан кубанычтамын», – деди элчи.  

Central Asia Design Hub долбоору АКШ Мамлекеттик департаментинин колдоосунда АКШда өндүрүлгөн таанымал сапаттуу телесериалдарды жана ТВ форматтарды лицензиялык көрсөтүүнүн көлөмүн көбөйтүү аркылуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн тилин өнүктүрүүнү колдойт. Борбор Азия боюнча эл аралык жана улуттук автордук укуктарды бузуулардын деңгээлин төмөндөтүү максатында, бул долбоор укуктук практиканы өнүктүрүү жана АКШдагы лидерлик кылган укук ээлери менен мамилелерди бекемдөөдө ТВ жана кино индустрияларына көмөктөшүү үчүн аймактын теле- жана радиокомпанияларына, онлайн медиасына көмөк көрсөтөт.

Ошондой эле долбоор лицензияланган жана сапаттуу медиа контентти берүүгө, ТВ форматтардын, анын ичинде АКШда көндүрүлгөн ТВ форматтардын стандарттарын эл аралык деңгээлге чейин көтөрүүгө кызыкдар болгон телекомпаниялар жана продакшн студиялар үчүн кино жана ТВ индустрия чөйрөсүндө кесипкөй мастер класстарды жана тренингдерди өткөрүүгө багытталган. Алмашуу боюнча кесиптик сапарлар Борбор Азияда алып көрсөтүүчүлөргө жана медиа продакшн компанияларга маалыматтык колдоо көрсөтөт.